Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

5-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21

6-9-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.

Сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактар: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондору.
Кырсык катталган учурда “112” кызматына чалуу зарылдыгы эскертилди.
5-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X