Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты. 7–8-июлда сел жүрүү коркунучу бар

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, 2026-жылдын 7-июлунун экинчи жарымында жана 8-июлда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу жараларын эскертти.

Маалыматка ылайык, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Тиешелүү кызматтар жарандарды этият болууга, сел жүрүү коркунучу бар аймактарга барбоого жана коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X