Кыргызгидрометте 16 млн сомдук коррупциялык схема аныкталды
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматында (Кыргызгидромет) мамлекеттик бюджеттин каражаттарын мыйзамсыз өздөштүрүүгө байланыштуу коррупциялык схема аныкталды.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызгидрометтин жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мурда иштен бошотулган кызматкерлерге, ошондой эле айрым иштеп жаткан кызматкерлерге мыйзам боюнча каралган өлчөмдөн кыйла көп суммадагы акча каражаттарын мыйзамсыз которуп келишкени белгилүү болгон.
Тергөө маалыматына ылайык, мыйзамсыз схема кылдат жашырылып, анын катышуучулары узак убакыт бою мамлекеттик бюджеттин каражаттарын мыйзамсыз пайдаланып келишкен. Анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө — 16 миллион сом материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда бардык жагдайларды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.