“Кыргызиндустрия” өндүрүш тармагын колдоого алат

22-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 64

Алдыда пландаштырылып жаткан 130тан ашуун долбоордун көпчүлүгү өлкөнүн кең байлыктарына ылайыкталган ишканалар болот. Технологиянын өнүккөнүн эске алып, заманбап жабдууларды алып келүү менен жергиликтүү өндүрүштү жандандырган программалар иштелип чыгууда, — деп билдирди “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов 22-февралда “Спутник” радиосундагы маегинде.

Министрлер Кабинети өлкөбүздүн өнөр жай тармагын көтөрүү максатында 100% мамлекеттин катышуусу менен “Кыргызиндустрия” ААКсын түзгөн. Учурда аталган коом өз ишмердигин баштап, өндүрүш тармагы менен иш алып барууда. Жарасул Абдураимовдун айтымында “Кыргызиндустрия” кичи жана орто бизнес өкүлдөрү менен кызматташып, жаңы ишканаларды түзүү жана аны ишке киргизүү багытында да иш алып бармакчы.

22-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 64
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X