«Кыргызиндустрия» ААКсынын президенти Жарасул АБДУРАИМОВ: «Өндүрүш тармагына өзгөчө көңүл бөлүнө баштады»

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53

СССР тушунда республикабыз жалпы улуттук дүң жыйымдын өсүү темпи боюнча Украина, Казакстан, Литва, Молдова, Түркмөнстан, Эстония сыяктуу өлкөлөрдү алдына салбай келген десек балким бүгүн эч ким ишене бербесе керек. Чындыгында эле Совет доорунда республикабызда 500дөн ашык ири ишканалар иштеп, алар чыгарган продукциялар Союз ичинде гана эмес, чет өлкөлөргө да экспортко кеткен. Кадамжай сурьма комбинатынын сурьмасы эл аралык рынокто сапаттын эталону болуп, 40тан ашык өлкөгө экспорттолгон. Кыргыз ССРи ЭВМ заводу, “Чолпон” бут кийим фабрикасы, камволдук-нооту комбинаты, тери-булгаары заводу, трикотаж, кийим тигүү фабрикалары, станок жасоочу Ленин, айыл чарба техникаларын куруучу Фрунзе заводу сыяктуу жана башка тамак-аш, эл керектөөчү товарларды чыгаруучу чоң өндүрүш ишканалары менен даңкталган. Союз маалында бизде өзгөчө электрондук-эсептөө, аскердик, машина куруу, айыл чарба техникаларын чыгаруучу оор өнөр жайы жакшы жолго коюлган. 40 жыл мурда бизден жылына 140 миң даана “Киргизия” кир жуугуч машиналары чыгып, ал дээрлик ар бир үйгө жеткен жана андан тышкары союздук башка республикаларга да тарап кеткен эле. Мунун баары республикабыз 30 жыл мурда кандай өндүрүш кубаттуулугуна ээ болгонун айтып турат. Ушунчалык тарых-тажрыйбабыз болуп туруп бүгүнкү күнү өнөр жайыбыз өксүп турганы албетте, өкүнүчтүү. Азыркы бийлик мына ушул өксүктү жоюу максатында өндүрүштү колдоо үчүн атайын каражат бөлүп “Кыргызиндустрия” ААКсын түздү.

ПЕСАК талкалоочу, “Кыргызиндустрия” түзүүчү

Тагдыр тартуулаган эгемендигибизге жетип, бирок экономиканын негизин түзгөн өнөр жайыбызды сактап кала албадык. 1993-1996-жылдары чыгашалуу деп эсептелген ири ишканаларды жоюу жана кайра түзүү программасы (ПЕСАК) ишке ашырылып, өнөр жайыбыз кайра түзүлбөй эле түбү менен жок болду. Канттагы цемент-шифер заводу жана Майлуу-Суудагы электр лампочкаларын чыгаруучу завод ошол ПЕСАК программасына кирип, бирок кайра өз убагында чыгып кеткенге жетишкен экен. Бүгүн бул эки ишкана дүркүрөп өнүгүп кетпесе да, жок болуп кеткен жок. Ошол кездеги тиешелүү жетекчилердин жоопкерчиликсиз мамилеси канчалаган жылдар бою түптөлгөн өнөр жай ишканаларыбыздын талап-тонолушуна жол берди. Эми аны жандандыра алабызбы? Совет доорундагыдай өнөр жай тармагыбызды кантип кайра калыптандырабыз? “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому мына ушул багытта иш алып барат. Аталган мекеменин максаты жана милдети өлкөбүздүн өндүрүштүк потенциалын пайдалануу менен экономиканын бардык секторунда инновациялык ыкмалар жана технологияларды киргизүүгө багытталган жаңы экономикалык саясат стратегиясына дал келет. Анын алдына импортту алмаштыруучу жана жаңы инновациялык өндүрүштү уюштуруу жолу менен өнөр жайын модернизациялоо милдети коюлган.

Чындыгында ушуга чейин өнөр жай тармагын көтөрүүгө көңүл бөлүнбөй келди. “Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимовдун Кыргыз радиосуна берген маегинде аталган мекеме өлкөдөгү токтоп турган ишканаларды жандандыруу жана жаңы ишканаларды түзүү багытында иш алып барып айтты. Анын пикиринде Коомдун мамлекеттин жалгыз акционер катары толук ээлигинде болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана тобокелдиктерди азайтат.

Мамлекет алсыз менеджер эмес

“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун балансына бир катар өндүрүшү өйдөлөй албай же токтоп турган мамлекеттик жана акционердик коомдор берилет. Бизде “мамлекет жаман менеджер” деген түшүнүк калыптанган, бирок мындан чоочулоонун кажети жок. Эл аралык тажрыйбада да мамлекеттин коммерциялык компанияларга катышуусу жаңы сапаттык мүнөзгө айланган учур жок эмес. Мисалы, “Азия арстандарынын” бири болгон Сингапур өлкөсүндө да өкмөт бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү менен бирге эле мамлекеттин колдоосу маанилүү роль ойногон ырааттуу өнөр жай саясатын жүргүзгөн. Артыкчылыктуу тармактарды мамлекет бөлүп алып, аларга инвестиция салып өнүктүрүп, анан алар белгилүү бир өнүгүү деңгээлине жеткенде локомотив сыяктуу бүт экономиканы алдыга сүйрөгөн. “Кыргызиндустриянын” алдында өзүнүн балансындагы мамлекеттик ишканалардын өнүгүшү жана аларды натыйжалуу башкаруу механизмине таасир эте турган өзгөчүлүктөрүн аныктоо милдети турат. Иштелип чыккан башкаруу моделинин негизинде конкреттүү инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгып, аларды ишке ашырууга ниеттенет.

Жарасул Абдураимовдун айтуусу боюнча коом алгач тез арада иштеп кете турган өндүрүш ишканаларынан ишти баштоо алдында турат. ”Спутник” радиосуна берген маегинде Майлуу-Суу электр лампочкаларын чыгаруучу заводду мамлекет өзүнө кайтарып алып, “Кыргызиндустриянын” карамагына бериле турганы белгилүү болду. “Кыргызиндустрия” учурда заводдун бизнес-планын иштеп чыгууда. Завод жаңы технология менен энергия үнөмдөөчү лампочкалардын бир нече түрлөрүн чыгарып гана тим болбостон, ал жерде айнек буюмдарын да чыгарууну колго алат. “Кыргызиндустрия” ишканага каражат салып, керектүү жабдуулар менен камсыз кылып, өндүрүштүн жанданышына өбөлгө болот. Ошондой эле аталган мекеме алдыдагы иш-пландарынын бири катары алгач Бишкек менен Балыкчыда электромобилдер үчүн “ЭлектроТаксоПарк” түзүүнү пландаштырууда.

Колдо бар мүмкүнчүлүктөргө артыкчылык берилет

“Биринчиден, илгеркидей биз чыгарып жүргөн товарларды кайра калыпка келтирүү албетте, кыйын. Себеби, машина куруу, станок, прибор жасоо жагынан азыр бизде мүмкүнүчүлүк жок. Өлкөбүздө рудалык эмес кен байлыктар, мисалы гипстин, базальттын жана башка курулушка керек кен байлыктардын запасы көп. Керамикадан жасай турган буюмдардын баарын өзүбүз жасасак болот. Бул багытта бизге келип жаткан импорттун көлөмү абдан чоң. Алардын 60-70 пайызын өзүбүздөн чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Жаңы ишканаларды ачууда мына ушуга ылайыктап бизнес долбоорлорду түзүп жатабыз” деп айтты Жарасул Абдураимов “Спутникке” берген маегинде. Учурда аталган мекеме 30дан ашык бизнес-долбоорду даярдады. Келечекте 130-140 бизнес-долбоор иштеп чыгуу мерчемделүүдө. Алардын баары биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жана сырьелук базабызга жараша иштелип чыкмакчы. Ишканалар үчүн керектүү өндүрүштүк жабдуулар алынып келинет. Негизги максат – импортту алмаштыруучу товарларды чыгаруу жана жумуш орундарын түзүү болуп саналат. Ошондой эле агрардык тармакта кайра иштетүү ишканаларын түзүү да аталган мекеменин иш-планындагы маанилүү багыттардын бири.

Бергендин алмайы бар

Эми уставдык капиталы 1 млрд сом өлчөмүндө түзүлгөн “Кыргызиндустрия” ААКсы ишканалар менен кандай принципте иштейт, мына ушуга кичине түшүндүрмө бере кетүүбүз зарыл. Жарасул Абдураимовдун айтуусу боюнча өзүлөрү кызматташкан ишканалар менен алгач бүт активин көз карандысыз баалоочулар менен баалап чыгып, ишкана ээсинин үлүшүн аныктайт. Андан кийин муктаждыкка жараша “Кыргызиндустрия” өз салымын кошуп колдоо көрсөтөт. Анын салымы “Кыргызиндустрия” ААКсынын үлүшү болуп саналат. Качан ишкана бутуна турганда “Кыргызиндустрия” өз үлүшүн ишканага келишим боюнча белгилүү бир мөөнөт аралыгында сатып алууну сунуш кылат. Эгер ишкана сатып албай турган болсо анда кыргыз биржалык фондусу аркылуу сатыкка коюлуп, сатып алган жак ал ишкананын акционери болуп калат. Ошентип “Кыргызиндустрия” берилген каражатты кайра өзүнө кайтарып, ал каражат жаңы ишканаларды колдоого жумшалат.

№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Бегим ТУРДАЛИЕВА

 

 

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X