“Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов жана вице-президенти Азамат Байышбеков Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Жүк көтөрүүчү жабдуулардын эл аралык 17-көргөзмөсүнө катышып келишти.
Көргөзмөгө лифт жана анын запастык бөлүктөрүн чыгаруучу түркиялык жана эл аралык компаниялардын продукциялары коюлган. “Кыргызиндустриянын” президенти Жарасул Абдураимов көргөзмөдө лифттерди коопсуз жана жакшы иштеген абалда кармоого багытталган акыркы кездеги инновациялык технологиялар менен таанышты. Көргөзмөгө катышкан өндүрүшчүлөр да жаңы рынокторго чыгууга, ири кардарлар менен кызматташтык боюнча макулдашууларды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Сапар соңунда Кыргызстандын аймагында лифт жана башка вертикалдуу транспорт обьекттерин жасоочу өндүрүш ишканасын түзүү маселесин изилдөө жөнүндө түркиялык компания менен макулдашылды.