«Кыргызкөмүр» миллион тоннадан ашык көмүр казып, Беловодскоеге темир жол менен жеткирди

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117
2026-жылдын башынан бери “Кыргызкөмүр” ААК бир миллион тоннадан ашык көмүр казып алды. Компания быйылкы көмүр казуу көлөмүн 1,6 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатат.

Мындан тышкары, 12-октябрда Беловодское айылына көмүр биринчи жолу темир жол аркылуу жеткирилди. Айылга жалпысынан сегиз вагон көмүр алып келинди.
Учурда көмүр Беловодское айылынын Вокзальная көчөсү, 6-дарегинде сатылууда. Бир тонна көмүрдүн баасы — 7 миң 200 сом.

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X