Кыргызстан 129 тонна гумжардамды Иранга жеткирди

7-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

Кыргызстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам Иранга жетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, азык-түлүк жүктөлгөн кербен Серахс шаарына барды. Жүктөрдү кабыл алуу иштери бажы процедуралары аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Кыргызстан тараптан жалпы салмагы 129 тонна болгон гуманитардык жардам Иранга жөнөтүлгөн.

7-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X