Кыргызстан АКШдан окуу визаларынын мөөнөтүн узартууну суранат

7-сентябрь, 2023-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 183

Кыргызстан АКШдан визанын айрым категорияларынын, анын ичинде окуу визаларынын мөөнөтүн узартууну суранат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР жарандарынын чет өлкөгө баруу шарттарын жакшыртуу иштеринин алкагында КР Тышкы иштер министрлиги Америка менен айрым категориядагы, анын ичинде окуу категориядагы визалардын мөөнөттөрүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгеледи.

«Америка тарабы менен макулдашуулар жетишилгенде расмий маалымат жарыяланат. Ошону менен бирге КР жарандарынын АКШга кирүү жана анын аймагында жүрүү эрежелерин сактоосу визаларды тариздөө тартибин жеңилдетүү боюнча макулдашууларга жетүүгө шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.

7-сентябрь, 2023-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом / #виза 183
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X