Кыргызстан–Армения кызматташтыктын жаңы барагын ачты
Кыргыз менен армян элин миңдеген чакырым алыстык бөлүп турса да, өз ара урмат-сый жана кызматташтыкка умтулуу жакындатып келет. Ала-Тоодон Ереванга чейин созулган достук мамилелер бүгүн жаңы баскычка көтөрүлүүдө. Президент Садыр Жапаровдун Арменияга жасаган расмий сапары, эки тараптуу макулдашуулар жана биргелешкен демилгелер кыргыз-армян кызматташтыгына жаңы дем берип, саясий-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө жол ачты.
Эки тараптуу алаканын жаңы доору
Кыргызстан менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1993-жылдан бери уланып келе жатат. Ошондон бери эки мамлекеттин байланышы негизинен өз ара урматтоо, достук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык принциптерине гана таянып келген. Бул жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 33 жыл толду. Кыргызстан дагы, Армения дагы КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ алкагында ар кандай жолдордо өз ара байланышта болуп келишкен. Албетте, бул уюмдар саясий диалог жүргүзүүгө, аймактык коопсуздук жана экономикалык интеграция маселелерин талкуулоого шарт түздү.
Кыргыз-армян мамилелеринин жанданышына 2022-жылкы өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынынын өткөрүлүшү жакшы шарттарды түзгөн. Бул кадам, эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды системалуу өнүктүрүүгө жана ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маанилүү аракет болду. Ал эми Президенттин Арменияга кечээ болгон расмий сапары саясий диалогду жаңы деңгээлге чыгарууга умтулуу бар экенин көрсөттү. Президент Садыр Жапаров менен Премьер-министр Никол Пашинян бетме-бет жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин кеңири талкуулашты. Талкуунун негизи, соода, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү, илим, туризм жана транспорттук байланыштар кызматташуунун келечектүү багыттары катары белгиленди. Ошону менен бирге бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Алардын арасында 2027–2029-жылдарга кызматташуу боюнча жол картасы, жарандардын сапарларынын тартиби, билим берүү жана илим, пенсиялык камсыздоо, жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле Ысык-Көл менен Севан көлдөрүн сактоо боюнча макулдашуулар жана меморандумдар бар. Мындан тышкары, Бишкек менен Еревандын ортосунда боордоштук шаар мамилелерин түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Бул алдыда эки элдин соода-экономикалык байланыштарын бир топ эле чыңдайт. Мисалы, жарандардын сапарларына байланышкан макулдашуу адамдардын өз ара катташына шарт түзсө, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык университеттердин, изилдөө борборлорунун жана жаш адистердин ортосунда жаңы байланыштарды жаратышы мүмкүн. Бишкек менен Еревандын боордош шаар болушу болсо, маданий иш-чараларды, муниципалдык тажрыйба алмашууну жана туризмди өнүктүрүүдө жаңы жолдорду ачат. Демек, кыргыз-армян мамилелеринин бүгүнкү баскычы мурдагы достук байланыштарды кеңири тармактуу өнөктөштүккө айландыруу аракети болду.
Экономикалык байланыштардын чыныгы абалы
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2025-жыл боюнча маалыматын карай турган болсок, Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы товар жүгүртүү болжол менен 308,6 миллион сомду түзгөн. Анын 221,7 миллион сому Армениядан Кыргызстанга импортко, 86,8 миллион сому Кыргызстандан Арменияга экспортко туура келген. Бул көрсөткүчтөр, эки тараптуу сооданын көлөмү чектелүү экенин жана импорт экспорттон кыйла жогору болгонун көрсөтөт. Албетте, бул сандарды экономикалык алсыздыктын белгиси катары кабыл алуу туура эмес. Болгону, буга чейин эки өлкөнүн соода мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылбай жатканын эле билдирет.
Буга чейин Кыргызстандын Арменияга жөнөтүп жаткан экспортунда айыл чарба, текстиль жана жеңил өнөр жай продукциялары жеткирилип келген. Ал эми Армениядан Кыргызстанга болсо дары-дармек, дары чөптөр, алкоголдук ичимдиктер, тамак-аш азыктары жана айрым өндүрүш товарлары импорттолуп турганы айтылат статистикалык маалыматта. Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү үчүн Армениянын рыногу, биринчи кезекте, айыл чарба жана кайра иштетүү продукцияларын сатуу мүмкүнчүлүгү катары кызыктуу болуп келген. Маселен, төө буурчак, кургатылган мөмө-жемиштер, бал, кайра иштетилген азык-түлүк жана айрым текстиль товарлары боюнча рыноктук суроо-талапты изилдөөгө болот. Эми ошол мүмкүнчүлүктөрдү “бар экен” деп эле койбостон, бизде өндүрүлгөн товарлардын сапатына, баасына, жеткирүү мөөнөтүнө, таңгакталышына жана сатып алуучулардын талаптарына көңүл бурушубуз керек. Ал эми Армения тараптан болсо, фармацевтика, тамак-аш өндүрүшү, айрым кайра иштетүү тармактары жана технологиялык кызматтар жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр каралышы мүмкүн.
Кызматташтыктын кийинки келечеги кандай болот?
Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары кеңейтүүдөгү негизги маселелердин бири, биз жогоруда сөз кылгандай географиялык шарттар менен түз логистикалык каттамдардын чектелүү экендиги. Эки мамлекетте тең деңизге түз чыга албаган шарты бар. Өз жүктөрүн өткөрүү үчүн башка мамлекеттердин аймагына, транзит эрежелерге жана транспорттук чыгымдарга көз каранды. Мындай шартта, товарды өндүрүү менен бирге, аны сатып өз кардарларына жеткирүү жагын дагы чечүү маанилүү. Ошондуктан, Садыр Жапаров менен Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүндө транспорттук-логистикалык кызматташтыкка жана жаңы соода каттамдарын өнүктүрүүгө көңүл бурушканы ошол себептен. Эгер, бул багытта туура чечимдер кабыл алынса, эки өлкөнүн ишкерлери үчүн товар жеткирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жаралышы мүмкүн. Ал үчүн транспорттук багыттардын экономикалык натыйжалуулугун эсептөө, транзиттик өлкөлөр менен макулдашууларды жүргүзүү, жүктөрдү топтоо жана бөлүштүрүү борборлорун өнүктүрүп, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана үзгүлтүксүз жүк агымын камсыз кылуу зарыл болот. Муну менен катар сооданы өнүктүрүү үчүн ишкерлерге маалымат жеткиликтүүлүгүн да кароо зарыл. Анткени, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү Армениядагы рыноктун көлөмү, сатып алуучулардын талаптары жана жеткирүү каналдары тууралуу так маалымат алышы керек. Армениялык ишкерлер үчүн да ушундай шарт бар.
Ошону менен бирге Кыргызстан менен Армениянын кызматташтыгынын келечектүү багыттарына санариптик технологиялар, айыл чарба, билим берүү, илим жана экология дагы кирет. Бул тармактарда тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду колдоо, электрондук сооданы өнүктүрүү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү эки өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Өзгөчө Ысык-Көл менен Севан көлдөрүн сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана тоо экосистемаларын коргоо жаатындагы кызматташтык дагы маанилүү орунда. Президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аны 2027-жылы Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Бул демилге тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча тажрыйба алмашууга жол ачат.
Буйруса, ушул артыкчылыктуу багыттардагы кызматташтыкты туура жолго коюп, жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыра алсак, Кыргызстан менен Армениянын алдында жаңы экономикалык, илимий жана экологиялык мүмкүнчүлүктөр ачылып, эки элдин өнөктөштүгү дагы да бекемделет.
Күнболот Момоконов