Кыргызстан аял депутаттардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68

Кыргызстан парламенттеги аял депутаттардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюму Парламенттер аралык бирликтин маалыматына таянып, Кыргызстанды бул көрсөткүч боюнча лидер катары жарыялаган.

Учурда Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аялдар.

Төраганын белгилешинче, аялдардын өкүлчүлүгү комитеттерде да өсүүдө. Алсак, комитет жетекчилерин шайлоодо жана президиумда 30 пайыздык квота сакталган. Ошондой эле эл аралык депутаттык топтордо да аялдар жетекчилик кызматтарга келе баштады.

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X