Кыргызстан беде, ашкабак жана өрүктү чет өлкөгө экспорттоду

5-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 19

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2025-жылы өлкөдөн бир нече айыл чарба продукциялары чет мамлекеттерге экспорттолду.

Тактап айтканда, Россияга 40 тонна беденин үрөнү жөнөтүлдү. Ал эми Жапонияга «Лагенария» ашкабак үрөнү 1500 тонна көлөмүндө экспорттолду. Ошондой эле Кытайга кургатылган өрүктүн алгачкы 23 тоннасы чыгарылып, Өзбекстанга «Октябрьская 70» жүгөрү гибриди сыноо үчүн жөнөтүлдү.

Министрлик экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча долбоорлорду улантууну пландап жатканын билдирди.

5-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X