Кыргызстан Борбор Азиянын жаңы дипломатиялык борборуна айланып баратабы?
Кыргызстандын акыркы айлардагы эл аралык активдүүлүгү бир көрүнүштү ачык көрсөтүп турат. Биздин өлкө акырындап Борбор Азиядагы саясий диалогдун, экономикалык кызматташтыктын жана эл аралык байланыштардын маанилүү аянтчаларынын бирине айланып бара жатат. Айталы, акыркы эле айларда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушуулар бул тенденцияны мурдагыдан да даана көрсөттү.
Бир кезде Борбор Азия көбүнчө дүйнөлүк саясатта Орусия, Кытай жана Батыштын кызыкчылыктары кесилишкен аймак катары гана каралып келсе, бүгүн анын мамлекеттери өз ара сүйлөшүп, өз алдынча экономикалык жана транспорттук байланыштарын түзүүгө көбүрөөк аракет кылууда. Кыргызстан болсо ушул процесстин ичинде өзүнүн дипломатиялык ордун кеңейтүүгө умтулуп жатат.
Ысык-Көл эл аралык диалог аянтчасы
Жай чилдесинде Чолпон-Ата шаары биринин артынан бири өткөн эл аралык иш-чаралардын борборуна айланды. Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери, Азербайжандын Президенти, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, министрлер жана регион жетекчилери Кыргызстанда жолугушуп, аймактын келечегин талкуулашты. Кыргызстан бул форматта мамлекеттерди кабыл алуучу тарап эмес, аймактык диалогдун активдүү уюштуруучусу катары көрүндү. Жолугушуунун жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясына кол коюлуп, транспорттук-логистикалык байланыш, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана энергетикалык коопсуздук сыяктуу маселелерге көңүл бурулду.
Бул окуялардын символдук мааниси да чоң. Анткени, Азербайжандын кошулушу менен Борбор Азиянын ички диалогу Каспий аркылуу Кавказ жана Европа багыты менен дагы тыгыз байланышууда. Азербайжандын региондук форматка кошулушу кокустук эмес. Эксперттер белгилегендей, бул жерде “ортоңку” коридордун мааниси чоң. Азербайжан Борбор Азияны Каспий аркылуу Кавказ, Түркия жана Европа менен байланыштырган транспорттук көпүрөгө айланууда. Борбор Азиянын деңизге түз чыгыш жолу жок өлкөлөрү үчүн мындай маршруттардын стратегиялык мааниси жогору экенин талашсыз. Айрым талдоолордо болсо Азербайжан аркылуу өткөн “ортоңку” коридордогу жүк ташуулар акыркы үч жылда 90 пайызга өскөнү белгиленет. Демек, Чолпон-Атадагы жолугушууну жөн гана кезектеги дипломатиялык иш-чара катары карабай, Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын ортосунда жаңы экономикалык мейкиндик калыптанып жатканын көрсөткөн белгилердин бири катары кароо туура болот. Кыргызстан үчүн бул эмнени билдирет? Кыргызстандын өзүнүн географиялык абалы бир жагынан чектөө болуп келсе, эми өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өлкө Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Ал эми Борбор Азиянын жаңы транспорттук картасында Каспий, Кавказ жана Түркия багыттарынын мааниси өсүүдө. Ошондуктан, Кыргызстан үчүн бүгүнкү негизги милдет өзүнө тийиштүү болуп турган географияны экономикалык артыкчылыкка айландыруу. Бул багытта акыркы мезгилдеги иш-чаралардын географиясы көңүл бурууга арзыйт.
Ушул жылдын июнь айында Кыргызстан ШКУга төрагалык кылуунун алкагында Бишкекте Инвестициялык жана бизнес форумун өткөрдү. Анын күн тартибине инвестиция, өнөр жай, санариптик экономика, жасалма интеллект, электрондук соода жана жашыл трансформация сыяктуу багыттар кирди. Ал эми июль айынын соңунда Бишкекте Кыргызстан–Өзбекстан бизнес-форуму өтүп, өнөр жай кооперациясы, инвестиция, агроөнөр жай жана фармацевтика боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Башкача айтканда, дипломатиялык сүйлөшүүлөр менен экономикалык сүйлөшүүлөр бир багытта бара жатат. Кыргызстан өзүн аймактык байланыштардын жана инвестициялык кызматташтыктын аянтчасы катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Ошондой эле Азербайжан менен болгон сүйлөшүүлөр да биз үчүн оң натыйжаларды берди. Азербайжан–Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 100 млн доллардан 200 млн долларга көбөйтүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул жерде өзгөчө көңүл бура турган нерсе, мамилелердин бир гана саясий деңгээлде калбай, транспорттон тартып энергетикага, инвестициядан санариптик коопсуздукка чейин кеңейди. Ош–Гянжа, Каракол–Габала жана Чолпон-Ата–Шуша шаарларынын ортосунда боордош шаарлар байланыштарынын түзүлүшү да эки өлкөнүн мамилесинин коомдук жана гуманитардык катмарын бекемдөөгө багытталган. Демек, Кыргызстан–Азербайжан мамилеси Борбор Азия–Кавказ байланыштарынын өзүнчө бир бутагы болуп бара жатат.
Бул жолугушуулардын негизги өзөктүүсү Орусия менен болгон байланыштын жаңы деңгээлде болгондугу. Эми жогоруда биз белгилеген мамлекеттер ортосундагы жаңы баскычка көтөрүлгөн байланыштардан улам “Кыргызстан жаңы өнөктөштөргө ыктап жатып, салттуу байланыштарынан баш тартып жаткан жокпу?” деген тыянак чыгаруу туура эмес. Чолпон-Атада Россиянын региондорунун жетекчилери менен жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык, биргелешкен өндүрүштөр жана аймактар аралык байланыштар талкууланды. Өнөр жай, фармацевтика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, IT жана туризм келечектүү багыттар катары белгиленди. Кыргызстан россиялык өнөктөштөргө Жогорку технологиялар паркынын жана “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.
Бул жерде Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатынын дагы бир өзгөчөлүгү көрүнөт, бир багытка байланып калбай, ар башка борборлор менен параллелдүү иш алып барууда. Башкача айтканда, Кыргызстан үчүн Орусия маанилүү өнөктөш бойдон калып, ошол эле учурда Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Армения,Түркия жана Европа багыттары да күчөтүлүүдө.
Баса, Президент Садыр Жапаров менен Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын дагы жолугушуусу болду. Тараптар соода, инвестиция, өндүрүштүк кооперация жана транспорттук байланыштарды талкуулашты. Пашинян Түштүк Кавказдагы транспорттук байланыштардын жакшырышы Кыргызстан менен Армениянын соода-экономикалык алакаларын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Бул дагы маанилүү белги. Анткени, жогоруда биз сөз кылгандай Кыргызстан үчүн Кавказ Каспий, Түркия жана Европа менен байланышкан жаңы транспорттук маршруттардын бөлүгү болуп бара жатат.
Кыргызстан жаңы “көпүрө” болууда
Акыркы окуяларды бириктирип караганда, алардын артында бир жалпы логика көрүнөт. Кыргызстан бир жагынан ЕАЭБдин алкагындагы байланыштарын сактап, Орусия менен экономикалык кызматташтыгын улантууда. Экинчи жагынан Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түштүк Кавказ багыттарын активдештирүүдө. Үчүнчү жагынан ШКУ сыяктуу ири эл аралык форматтарда өзүнүн демилгелүү ролун күчөтүүгө аракет кылууда. Мунун баары көп багыттуу тышкы саясаттын экономикалык мазмун менен бекемделип бара жатканын көрсөтөт.
Мында Кыргызстан үчүн эң чоң мүмкүнчүлүк өзүнүн географиялык абалын пайдалануу. Тоолуу өлкө катары физикалык жактан татаал аймакта жайгашканы менен жаңы транспорттук маршруттардын өнүгүшү Кыргызстанды Борбор Азиянын ички рыногу менен Кытай, Каспий жана Кавказ багыттарын байланыштырган системанын бир бөлүгүнө айланта алат.
Бирок, бул үчүн дипломатиялык активдүүлүк жетишсиз. Чыныгы натыйжа жолдор, темир жолдор, энергетика, логистикалык борборлор, өндүрүш, санариптик инфраструктура жана инвестициялык долбоорлор ишке ашканда гана көрүнөт. Ошондуктан, эми Ысык-Көлүбүздү мурдагыдай эле туристтик жай катары кароо тар болуп калат. Бул көлдүн жээгинде президенттер сүйлөшүп, өкмөт башчылар экономикалык маселелерди талкуулап, министрлер конкреттүү долбоорлорду карап, регион жетекчилери бизнес байланыштарды бекемдеп, дүйнөлүк спортчулар мелдеш өткөрүп жатат. Башкача айтканда, Ысык-Көл акырындап Кыргызстандын эл аралык “жолугушуу аянтчасына” айланып баратат. Мунун Кыргызстан үчүн символдук мааниси да бар. Өлкөнүн борбору Бишкек саясий жана административдик борбор бойдон калса, Чолпон-Ата акырындап дипломатиялык, экономикалык, туристтик жана спорттук иш-чаралардын өзүнчө борбору катары таанылып калышы толук мүмкүн.
Күнболот Момоконов