Кыргызстан COP31де тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргойт

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105

БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын Анталья шаарында өтүп жаткан 31-конференциясынын (COP31) алкагында Кыргызстан тоолуу аймактарды климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлеринен коргоо маселелерин илгерилетүүнү улантууда.

БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагындагы Тоолуу өлкөлөр тобунун төрагасы катары Кыргызстан тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо, ошондой эле тоолуу өлкөлөрдүн эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү багытында иш алып барууда.

Кыргызстандын делегациясы Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын жетекчилиги астында жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышып, климаттык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча Кыргызстандын жана башка тоолуу өлкөлөрдүн позициясын билдирүүдө.

18-ноябрда Динара Кемелова Тоолуу өлкөлөр тобунун атынан жогорку деңгээлдеги сегментте сөз сүйлөдү. Ал тоолуу аймактар климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө аялуу экенин белгиледи. Мөңгүлөрдүн тез эриши жана кар катмарынын кыскарышы суу менен камсыздоого, айыл чарбасына, энергетикага жана туруктуу өнүгүүгө терс таасирин тийгизүү менен бирге табигый кырсыктардын тобокелдиктерин жогорулатууда.

Ушуга байланыштуу ал климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чараларын күчөтүүнүн, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн, мөңгүлөргө жана криосферага мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүүнүн, эрте эскертүү системаларын киргизүүнүн жана тоолуу өлкөлөрдүн климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Конференциянын жүрүшүндө Динара Кемелова эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жогорку деңгээлдеги иш-чараларда жана тоолуу аймактардагы климаттык тобокелдиктерге, табигый кырсыктардын алдын алууга, климаттын өзгөрүшүнүн социалдык-экономикалык кесепеттерине, климаттык каржылоого жана климаттык чараларды күчөтүүгө арналган тематикалык сессияларда сөз сүйлөдү. Ошондой эле глобалдык жылуулукту 1,5 °C чегинде кармап туруу боюнча демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.

12 өлкөдөн Тоолуу өлкөлөр тобу COP31дин тең төрагалары – Түркиянын айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум жана Австралиянын климаттын өзгөрүшү жана энергетика министри Крис Боуэн менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар тоолуу өлкөлөрдүн артыкчылыктарын конференциянын жыйынтыктоочу чечиминин долбооруна киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. COP31дин төрагалыгы тоолуу аймактардын климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө аялуулугун жана тиешелүү чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн тааныды. Ошол эле учурда ар кандай чечимдерге катышуучу 193 тараптын тең консенсусу зарыл экендигин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2027-2028-жылдары көмөкчү органдардын алкагында “Тоолор жана климат” боюнча эл аралык диалогдорду өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Мындан тышкары, көптөгөн өлкөлөр табигый кырсыктардан, анын ичинде тоолуу аймактарда адам өмүрүн алган учурлардын санын азайтууга көмөктөшүүчү эрте эскертүү системаларын киргизүүнү колдошту.

Учурда COP31дин жыйынтыктоочу саясий чечиминин негизги жоболору боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Кыргызстан жана башка тоолуу өлкөлөр тоолуу аймактардын аялуулугуна жана аларды коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгына байланышкан маселелерди аталган документке киргизүүнү жактап жатышат.

Мындан тышкары Кыргызстан Бишкек шаарында Тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду түзүү, Ысык-Көлдү сактоо боюнча трасттык фондду уюштуруу жана БУУнун Климаттын өзгөрүшүнө карата тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча он жылдыгын жарыялоо демилгелерин илгерилетүүдө.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X