Кыргызстан дагы бир тарыхый баскычка жогорулады
Кыргызстан улуттук валютаны өз аймагында басып чыгарган Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн катарына кошулуу жолунда маанилүү кадам жасап, 2026-жылдын 11-сентябрында, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата, биринчи жолу 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттор өлкө ичинде басып чыкты. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. Банкноттор «Учкун» ачык акционердик коомунун базасында чыгарылган.
Сомдун тарыхы
Бул жаңылыкка кубанбай коюуга болбойт. Анткени, Кыргызстан Борбор Азияда валютасын өз аймагында басып чыгарган 3-өлкө болуп калды. Алсак, Казакстан Банкнот фабрикасын 1995-жылы эле ачып, бүгүнкү күндө теңге банкноттору өлкө ичинде чыгарылат. Өзбекстанда «Davlat Belgisi» Борбордук банкка караштуу ишкана болуп, анын курамында Ташкент басмаканасы, кагаз фабрикасы жана Монета сарайы иштеп келет. Ал банкнотторду жана банкнот кагазын чыгарууну камсыздайт. Ал эми кыргыз сому биринчи жолу 1993-жылы жүгүртүүгө киргизилгенден бери, улуттук валюта чет өлкөлөрдө адистештирилген басмаканаларда даярдалып келген.
1993-жылдын 10-майында Кыргызстанда улуттук валютанын алгачкы банкноттору — 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом жүгүртүүгө чыгарылган. Алгачкы банкноттордун дизайны, коргоо элементтери жана басып чыгаруу технологиясы ошол кездеги өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкташтырылган. Мисалы, биринчи сериядагы 1 жана 5 сомдук банкноттор офсеттик басма ыкмасы менен чыгарылган.
Бирок, Кыргызстанда банкнот чыгарууга керектүү атайын кагазды, боёкту, коргоо элементтерин жана жогорку деңгээлдеги атайын басма жабдууларын камтыган толук кандуу банкнот фабрикасы болгон эмес. Ошондуктан, сомду чыгаруу үчүн эл аралык адистешкен компаниялардын кызматынан пайдалануу зарылчылыгы келип чыккан.
Жылдар өткөн сайын ар кандай номиналдагы кыргыз банкнотторун чыгаруу боюнча эл аралык адистешкен компаниялар менен келишимдер түзүлүп, маселени кыргыз бийлиги өз колуна ала албай келген.
Улуттук банктын 2013-жылдагы маалыматына ылайык, банкнот өндүрүүчү компания тендер аркылуу тандалган. Ошол мезгилде 20, 50, 100 жана 5000 сом номиналындагы банкнотторду француздардын Oberthur Fiduciaire компаниясы, ал эми 200, 500 жана 1000 сомдук банкнотторду британдык De La Rue компаниясы чыгарган.
Мисалы, 2009-жылы жүгүртүүгө киргизилген 20, 50, 100 жана 5000 сомдук төртүнчү сериядагы банкноттор француз адистештирилген басмаканасында чыгарылган. Ал эми 2010-жылдын декабрында жүгүртүүгө кирген 200, 500 жана 1000 сомдук банкнотторду британдык De La Rue компаниясы басып чыгарган.
Башкача айтканда, банкноттун дизайны Кыргызстанда иштелип, анын мазмуну жана номиналы Улуттук банк тарабынан аныкталганы менен, аны физикалык жактан даярдоо үчүн чет өлкөдөгү атайын ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү колдонулуп келген.
Маанилүү жагы
Улуттук валютаны өлкө ичинде чыгаруунун бир нече практикалык жагы бар. Биринчиден, банкнотторду өндүрүүнүн белгилүү бир бөлүгү ички өндүрүшкө өтөт. Экинчиден, эскирген банкнотторду жаңылоо процессин уюштурууда ички өндүрүштүк мүмкүнчүлүк пайда болот. Үчүнчүдөн, банкнот өндүрүшү менен байланышкан технологиялык жана адистик тажрыйба өлкө ичинде топтолот. Улуттук банк бул кадамды экономикалык көз карандысыздыкты жана мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам катары баалайт. Андыктан, кыргыз сому үчүн бул жөн гана басмакананын дареги өзгөргөнү эмес, улуттук валютаны өндүрүү тармагындагы жаңы баскыч.
Жазгүл Кенжетаева