Кыргызстан физика боюнча Европа олимпиадасында алгачкы медалын жеңип алды

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157

Кыргызстан физика боюнча Европа олимпиадасынын тарыхында алгачкы медалын жеңип алды. «Аалам» эл аралык мектебинин (AIMS Razzakov) 12-классынын окуучусу Аскар Абдиев Физика боюнча 10-Европа олимпиадасында (EuPhO 2026) коло медалга ээ болуп, өлкө үчүн тарыхый жетишкендик жаратты.

Ошондой эле олимпиадага катышкан «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу Айтегин Эмилбеков Honourable Mention (Ардак грамота) сыйлыгына татыды. Бул сыйлык дагы Кыргызстандын аталган олимпиададагы тарыхындагы алгачкы Ардак грамота болуп калды.

Физика боюнча 10-Европа олимпиадасы 2026-жылдын 12–16-июнь күндөрү Швециянын Гётеборг шаарында өттү. Эл аралык билим таймашына дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн 199 окуучу катышып, теориялык жана эксперименталдык тапшырмалар боюнча күч сынашты.

Кыргызстандын курама командасын Дүйшөн Сатыбалдиев жетектеди. Аскар Абдиевди олимпиадага Чынтемир Сабыров жана Улукбек Ажыбаев даярдаса, Айтегин Эмилбековдун машыктыруучулары Андрей Сидоренко менен Тургунбек Омурканов болушту.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жеңүүчүлөрдү, алардын машыктыруучуларын жана команда жетекчисин тарыхый жетишкендиги менен куттуктап, эл аралык аренадагы мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Бул ийгилик Кыргызстандын жаш физиктеринин эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеп, өлкөнүн билим берүү тармагындагы маанилүү жетишкендиктеринин бири катары бааланууда.

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X