Кыргызстан Италия үчүн 15 артыкчылыктуу өлкөнүн катарында
17-февралда Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргызстандагы Италия элчисинин орун басары жана италиялык компанияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Кыргызстан Италия үчүн 15 артыкчылыктуу өлкөнүн катарына киргени белгиленди.
Равшанбек Сабиров Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык экенин айтып, алардын укуктары мамлекеттик кепилдик аркылуу корголорун билдирди.
Тараптар кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.