Кыргызстан–Италия инвестициялык кызматташтыгы бекемделет
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Италия Республикасына жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө максатында инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо тууралуу макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификациялоо баскычында турат.
Бул документ инвесторлор үчүн туруктуу жана алдын ала болжолдоп боло турган шарттарды түзүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.