Кыргызстан климаттык каржылоону көбөйтөт. 2027-жылы 6 жаңы долбоор даярдалат
Тбилисиде Кыргызстандын климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) аймактык директору Томас Эрикссон менен жолукту.
Жолугушуу ЖКФнын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен өткөрүп жаткан аймактык диалогунун алкагында өттү.
Тараптардын негизги көңүлү Кыргызстандын климаттык долбоорлорунун улуттук портфелин түзүүгө жана климаттык каржылоону көбөйтүүгө бурулду.
Учурда ЖКФ тарабынан аккредитацияланган улуттук уюмдар — АРИС жана «Элдик Банк» аркылуу иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен «АБанкты» фонддо аккредитациядан өткөрүүгө даярдык көрүү маселеси көтөрүлдү.
Кыргызстандын тоолуу аймактарынын климаттык көйгөйлөрү да күн тартибинде болду. Климаттык долбоорлорду даярдоодо тоолуу экосистемалардын жана жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө карата аярлуулугун эске алуу зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, Ысык-Көлдү сактоого багытталган долбоордун келечеги жана көлдү коргоо боюнча көп тараптуу трасттык фонд түзүү демилгеси каралды.
Дагы бир маанилүү багыт — Readiness программасын кеңейтүү. Алдын ала пландарга ылайык, 2027-жылы ЖКФ менен биргеликте Кыргызстан үчүн болжол менен алты жаңы долбоорду иштеп чыгуу каралууда.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты кийинки баскычка чыгарууга даяр экенин билдиришти. Башкы максат — долбоорлорду даярдоо менен гана чектелбестен, аларды каржылоо боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алып, климаттык инвестицияларды жеринде ишке ашырууга өтүү.
Бул багыттагы иштерде Кыргызстандын тоолуу аймактарынын климаттык күн тартибиндеги артыкчылыктары өзгөчө эске алынмакчы.