Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды талкуулаган БУУнун жыйынына катышты
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нью-Йоркто климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды күчөтүүгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйынга катышты.
Жыйын 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өттү.
Иш-чарада климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Алардын арасында Париж келишимин ишке ашырууну тездетүү, эл аралык климаттык кызматташтыкты күчөтүү жана энергетикалык системалардын адилеттүү өтүшүн камсыз кылуу маселелери бар.
Ошондой эле климаттын кесепеттерине ыңгайлашуу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн климаттык каржылоого жана заманбап технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.
Жыйында өзгөчө аялуу өлкөлөрдүн жана аймактардын климаттык туруктуулугун жогорулатуу маселеси көтөрүлдү. Анын ичинде мөңгүлөрдүн тез эриши, суу ресурстарынын өзгөрүшү жана климаттык тобокелдиктердин күчөшү сыяктуу көйгөйлөргө дуушар болгон тоолуу аймактардын абалы талкууланды.
Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана аялуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу үчүн эл аралык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.