Кыргызстан-Корея кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлдү
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын мамилеси акыркы жылдары жаңы мазмун менен толукталып, дипломатиялык достуктан экономикалык, инвестициялык жана технологиялык өнөктөштүккө карай багыт алды. 1992-жылы башталган эки тараптуу мамилелер бүгүн соода-сатыктан тышкары санариптештирүү, жашыл экономика, энергетика, билим берүү, өнөр жай, айыл чарба, маданият деги койчу инвестиция сыяктуу ондогон багыттарды камтып отурат. Айрыкча 2024-жылы Президент Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий сапары эки өлкөнүн алакасынын жаңы этабына чыйыр салгандай болду. Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Корея ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерин түзүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Ошол сапарда экономиканын дээрлик бардык маанилүү тармактарын камтыган бир катар келишимдер жана меморандумдар түзүлгөн. Ал эми 2026-жыл кыргыз-корей кызматташтыгы үчүн бул макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу мезгили болду десек болчудай. Май айында Сеулда өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи жыйыны өтүп, соода, инвестиция, энергетика, жашыл экономика, өнөр жай, айыл чарба, туризм, билим берүү жана инновациялар боюнча жаңы милдеттер коюлду. Эми алдыда дагы эки тараптуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.
1992-жылдан башталган достук
Кыргызстан менен Корея дипломатиялык мамилелерди 1992-жылдын 31-январында башталганын жакшы билебиз. Ошондон бери өткөн 34 жылдын ичинде эки өлкө саясий жактан бири-бирин колдогон, гуманитардык жана экономикалык байланыштарды өнүктүргөн өнөктөштөрдүн катарына кирди. Алгачкы жылдары кызматташтыкта билим берүү, маданият жана өнүгүүгө көмөк көрсөтүү багыттары гана басымдуу болсо, бара-бара экономикалык байланыштар да күчөгөн. Бул багытта Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги KOICA өзгөчө роль аткарды десек болот. Кыргызстанда KOICAнын долбоорлору билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, санариптештирүү жана башка тармактарда ишке ашып келди.
Эки өлкөнүн экономикалык мамилелеринин укуктук базасы да акырындык менен бекемделди. Мисалы, 2012-жылы Сеул шаарында кош салык салуудан качуу жана киреше менен капиталга байланышкан салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө келишимге кол коюлган. Ал эми 2024-жылы бул келишимге өзгөртүү киргизүү боюнча протокол түзүлүп, ал 2025-жылдын 5-июлунда күчүнө кирген. Бул сыяктуу келишимдер биздин жана алардын бизнеси үчүн маанилүү эле. Анткени, инвестор өзүнүн кирешесине кайсы мамлекетте жана кандай тартипте салык төлөй турганын так билсе, инвестициялык чечим кабыл алуу жеңилдейт. Кыргыз-корей мамилесиндеги дагы бир маанилүү кадам тууралуу айта кетпесек болбойт. 2023-жылы түз аба каттамынын ачылышы болду. Адамдардын түз катташынын көбөйүшү бизнес, туризм, билим берүү жана маданий байланыштарды жандандырган факторлордун бири болот эмеспи. Ириде аба каттамы ачылып, байланыш жолго коюлса, ар тараптуу алаканын күчөгөнү ошол болот. Ошондой болду жана ал аракеттер ар жылы жаңы секириктерге кучак жайды.
Жаңы барактын ачылышы
Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын декабрындагы Кореяга болгон расмий сапары эки тараптуу мамилелерде өзгөчө мааниге ээ болду. 3-декабрда Кыргызстан менен Корея ар тараптуу өнөктөштүк түзүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү, билим берүү, санариптик технологиялар, соода жана инвестиция, энергетика, токой чарбасы, кадрларды даярдоо жана айыл чарба боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Мына ошолордун ичинен өзгөчө көңүл бурууга арзый турган документтердин бири 2025–2029-жылдарга Экономикалык өнүктүрүү кызматташтык фондунун (EDCF) кредиттери боюнча алкактык макулдашуусу. Белгилеп айта турган болсок, бул фонд аркылуу Корея өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду жеңилдетилген шарттарда каржылап келет. 2024-жылдагы сапардын дагы бир өзгөчөлүгү Кыргызстан менен Кореянын экономикалык кызматташтыгынын конкреттүү механизмдери кеңейди. “Кыргызэкспорт” уюму Кореянын KOTRA, KITA жана KOIMA сыяктуу ири соода-экономикалык институттары менен меморандумдарга кол койду. Тагыраак айта турган болсок, бул документтердин максаты болуп кыргыз продукциясын корей рыногуна чыгаруу, ишкерлердин түз байланыштарын күчөтүү жана инвестиция тартуу болчу. Ал максаттар да акырындап ишке ашууда. “Жөжөнү күздө сана” демекчи, мына ошонун жыйынтыктары бүгүнкү Кыргыз-Корей достугунун мындан ары кынтыксыз бекемделиши менен көрсөтүлүүдө.
5 жылда 9,2 эсеге өскөн көрсөткүч
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын экономикалык байланыштарынын өсүшү жакшы жолдо кетип бара жатканын цифралар даана көрсөтүп турат. 2021–2025-жылдары эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 9,2 эсеге өскөн. Ушул эле мезгилде Кыргызстандын Кореяга экспорту 4,5 эсеге, импорту 9,3 эсеге көбөйгөн. Ал эми 2025-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 508,7 млн долларды түзүп анын ичинен, импорт — 506,0 млн доллар, экспорт — 2,7 млн долларга жеткен. Ачык эле айтып коёлу, бул жерде бир маанилүү жагдай бар. Соода көлөмү тездик менен өсүп жатканы менен эки тараптуу соодада Кыргызстан үчүн чоң дисбаланстын бар экенин танууга болбойт. 2025-жылы Кореядан импорт 506 млн доллар болсо, кыргыз экспортунун көлөмү болгону 2,7 млн доллар болгон. Демек, мындан аркы кызматташтыктын негизги милдеттеринин бири Кыргызстандан Кореяга экспортту көбөйтүү керек экендигибизди эске алганыбыз туура болот. Кыргызстандын айыл чарба продукциясы, бал, кургатылган мөмө-жемиштер, текстиль, тигүү өндүрүшүнүн товарлары, кайра иштетилген продукциялар жана улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары корей рыногу үчүн келечектүү багыттардын бири болушу керек. Кызматташтык ушул багытта улам жогорулай берсе, ал күндөрдүн алыс эместигине көзүбүз жетип турат.
Ири долбоорлор, маданий байланыштар
Акыркы жылдары Кореянын Кыргызстанга инвестициялык кызыгуусу күчөп жатат. Айрым жылдары корей инвестицияларынын көлөмү кескин өскөн. Мисалы, 2022-жылы Түштүк Кореядан келген түз инвестициялар 18,1 эсеге көбөйгөн. Мына ушундай агылып келген инвестициянын артынан Кыргызстандын экономикасына 2024-жылы жалпы түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,029 млрд долларга жеткен. Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгында “жашыл” экономика өзүнчө маанилүү орунга чыкты. 2024-жылы эки өлкө климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык келишимге кол коюшкан. Энергетика жаатында Кореянын K-Water компаниясы менен Кыргызстанда 10 чакан ГЭС долбоору боюнча башкы планды жана техникалык-экономикалык негиздемелерди биргелешип даярдоо боюнча меморандум түзүлгөн. Мындан тышкары, Ош шаарындагы санитардык таштанды полигонунда топтолгон газды пайдаланып, электр энергиясын өндүрүү боюнча кореялык компаниялар менен инвестициялык долбоор каралган.
Кыргызстан менен Кореянын мамилелериндеги жаңы багыттардын бири өнөр жай тармагы да жакшы жолдорго коюулууда. Чынында Кыргызстан бир катар баалуу жана стратегиялык минералдык ресурстарга бай өлкө. Кореянын экономикасы электроника, аккумулятор, автомобиль жана жогорку технологиялык өндүрүшкө таянгандыктан, туруктуу минералдык ресурстарга болгон муктаждыгы жогору. Демек, эки тараптын кызыкчылыгы дал келген чекит ушул жерде турат. Эгер кореялык технология, инвестиция жана кыргызстандык ресурстар бир өндүрүштүк чынжырга бириктирилсе, бул өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүп, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт. Корея өлкөсүнүн тажрыйбасын Кыргызстан үчүн өзгөчө баалуу кылган нерсе ондогон жылдарда агрардык экономикадан дүйнөлүк технологиялык державага чейин жеткендиги. Ошондуктан, Кыргызстан үчүн корей тажрыйбасынын мааниси даяр технология сатып алуудан тышкары, адистерди даярдоодо, инженердик билимди өнүктүрүүдө, мамлекеттик башкарууну реформалоодо жана инновациялык маданиятты калыптандырууда турат.
Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгынын дагы бир кызыктуу багыты маданият менен экономиканы айкалыштыруу. 2023–2026-жылдары Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүктү жана маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталган ODA долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында кыргыз усталарын колдоо, алардын продукциясын санариптик маркетинг аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгаруу, аялдар жана жаштар үчүн туруктуу киреше булактарын түзүү максаттары коюлган. Боз үй, кийиз килемдер, улуттук текстиль жана башка салттуу буюмдар эми экспорттук жана туристтик продукт катары карала баштады. Бул билгенге, маданият менен экономиканын айкалышынын жакшы мисалы.
Эки өлкөнүн кызматташтыгы мындан ары жогорку деңгээлдеги жолугушуулар менен чектелбестен, туруктуу иштеген өкмөттөр аралык механизмдерге өтүп жатканында. Мурда “Корея менен кызматташалы” деген жалпы сөз көп айтылса, бүгүн “кайсыл долбоор, канча каражат, кайсы тармак жана кандай натыйжа?” деген конкреттүү суроолор коюла баштады. Бул деген эки өлкө ортосундагы байланыштын күн санап күчөп бара жаткандыгынын далили.
Биз, тагыраагы Кыргызстан Корея үчүн Борбор Азиядагы стратегиялык жайгашкан жери, энергетикалык жана минералдык ресурстары, айыл чарбасы, туризм потенциалы жана жаңы өндүрүштөрдү жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү менен кызыктуу өнөктөш болуп жатабыз. Президентибиз Садыр Жапаровдун “Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитинин алкагында атайын иш сапары менен Корея өлкөсүнө барып, саммитте сөз сүйлөп, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, экономика, инвестиция жана башка тармактарда эки тараптуу бир катар документтерге кол коюуну максат кылышы, кызматташуунун жаңы баскычка көтөрүлүшүнүн айкын далили. Эми эки тараптын алдында турган негизги милдет кандай гана кол коюлган келишимдер болбосун аны реалдуу экономикалык натыйжага айландыруу.
Эгер ал максаттар ишке ашса, кыргыз-корей байланышы Кыргызстандын жаңы технологиялык жана инвестициялык өнүгүүсүнө кызмат кылган чыныгы экономикалык көпүрөгө айланат.
Күнболот Момоконов