Кыргызстан космоско кадам таштоодо

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137

Кыргызстан космостук технологиялар багытында жаңы кадам таштады. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында өлкөбүздүн биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышты. Учуруу Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсү аркылуу ишке ашырылды. Спутник бир ракета алып жүрүүчү менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында орбитага чыгырылды. Аны учуруу Кыргызстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын биргелешкен ишинин натыйжасы болду. Спутникти Бишкек шаарында жайгашкан Башкаруу борборунан ишке ашырылат. Бул Кыргызстан үчүн космостук технологияларды өлкөнүн экономикасына жана айыл чарбасына колдонууга жол ачкан маанилүү долбоор.

Кыргызстан биринчи спутниктен эмнени күтөт?

Кыргызстандын алгачкы спутниги “Кыргыз Асман” ААКта иштелип чыгып, чогултулган. Долбоордун үстүндө иштөө болжол менен 2,5 жылга созулган. Спутниктин негизги милдети Жерди космостон байкоо жана алынган маалыматтарды айыл чарбасында колдонуу. Анын жардамы менен эгин талааларынын абалын, жайыттарды жана айыл чарба жерлерин көзөмөлдөөгө, кургакчылыктын белгилерин эрте аныктоого жана түшүмдүүлүктү алдын ала баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана экологиялык өзгөрүүлөрдү байкоого, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого болот. Кыргызстандын экономикасында айыл чарба маанилүү орунду ээлеп, аймагынын басымдуу бөлүгүн тоолор түзөт эмеспи. Ошондуктан, жерди, сууну, жайыттарды жана мөңгүлөрдү космостон үзгүлтүксүз көзөмөлдөө биз үчүн өзгөчө.

Спутниктердин тарыхы кайдан башталган?

Адамзаттын тарыхында биринчи жасалма спутниги  “Спутник-1” деген ат менен 1957-жылдын 4-октябрында Советтер Союзу тарабынан космоско чыгарылган. Бул окуя космостук доордун башталышы катары айтылып келет. Алгачкы спутник негизинен радио сигналдарын жөнөткөн жөнөкөй аппараттар болгон. Бүгүн болсо спутниктер байланыштан тартып, айыл чарбага чейин ондогон тармакта колдонулуп жатат. Спутниктер аркылуу телефон жана интернет байланышы камсыздалат, навигациялык системалар иштейт, аба ырайы көзөмөлдөнөт. Ошондой эле, токойлордун өрттөлүшү, суу ташкындары, мөңгүлөр жана климаттык өзгөрүүлөр сыяктуу коркунучтарды чынында космостон байкап билебиз.

Акыркы жылдардагы эң чоң өзгөрүүлөрдүн бири кичинекей спутниктердин жана кайра колдонулуучу ракеталардын көбөйүшү. Мурда спутник учуруу, биздей экономикасы жаңыдан бутуна туруп келе жаткан мамлекеттердин эмес, ири мамлекеттердин гана мүмкүнчүлүгү болсо, бүгүн чакан мамлекеттер, университеттер жана жеке компаниялар да космос долбоорлоруна катыша баштады. Анын ичинде биз дагы барбыз. Мунун бир себеби, SpaceX сыяктуу компаниялардын кайра колдонулуучу ракеталарды өнүктүрүшү. Мисалы, Falcon 9 ракетасынын биринчи баскычы кайра жерге кондурулуп, кийинки учурууларда кайра пайдаланылат.

Космостогу жаңы жарыш же Кыргызстандын орду

2025-жыл космостук учуруулар боюнча рекорддук жылдардын бири болгон.  Дүйнөдө орбитага чыгууга 329 жолу аракет жасалып, алардын 321и орбитага же ага жакын траекторияга жеткен. Ошол эле жылы орбитага 4 517 спутник чыгарылып, рекордду жараткан. Алардын басымдуу бөлүгү коммерциялык компанияларга таандык болгон. Көптөгөн мамлекеттердин ичинен АКШ космостук учуруулар боюнча алдыңкы орунда турат. 2025-жылы америкалык операторлор 181 жолу орбитага чыгууга аракет кылса, анын 170ин SpaceX аткарган.

Ошондой эле, Кытай мамлекети да космостук активдүүлүгүн тез күчөтүүдө. 2025-жылы өлкөдө 92 учуруу аракети катталып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп болгон. Кытай миңдеген спутниктерден турган өзүнүн интернет тармактарын да өнүктүрүп жатат.

Мунун баары космос азыр илимий изилдөөлөрдүн чордонуна айлануу менен бирге интернет, байланыш, навигация, климат жана экономика үчүн маанилүү инфраструктурага айланып бара жатканын көрсөтөт. Кыргызстандын биринчи спутниги да ушул глобалдык процесстин бир бөлүгү десек болот. Анын көлөмү дүйнөдөгү ири спутниктик системалар менен салыштырганда чакан болушу мүмкүн, бирок Кыргызстан үчүн мааниси чоң. Эгер, спутниктен алынган маалымат айыл чарбасында, суу ресурстарын башкарууда, экологияда жана өзгөчө кырдаалдар тармагында үзгүлтүксүз колдонулса, анда бул долбоордун практикалык мааниси кыйла жогорулайт. Кыргызстандын космоско алгачкы кадамы ушул бир спутникти учуруу менен эле бүтпөсө керек. Алдыда андан алынган маалыматтар өлкөбүздүн ар кыл тармактарын маанилүү орунда ээлеп, максаттарыбыз туура багыттарда ишке ашса, өлкөдө жаңы технология, жаңы адистер жана космостук маалыматты пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү пайда болушу турган иш.

Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин депутаты:

— Спутниктин космоско учурулушу, албетте, жакшы жаңылык. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, бул технологиянын негизги бөлүгү өзүбүздө иштелип чыгып, ата мекендик ишканада чогултулган.  Дүйнөлүк банк жана Эл аралык миграция уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, климаттын өзгөрүшү менен байланышкан кургакчылык бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө олуттуу көйгөйгө айланууда. Бул коркунуч Кыргызстанды да кыйгап өтпөйт. Айрыкча айыл чарбасына көз каранды аймактарда кургакчылык элдин кирешесине таасир этип, жумушсуздукка жана ички же тышкы миграцияга алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, кургакчылык мөңгүлөрдүн эришине да түздөн-түз таасир этет. Кыргызстан дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен жашап келген өлкө болгондуктан, бул маселеге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Спутниктин артыкчылыгы тоолордогу мөңгүлөрдүн, суулардын жана башка жаратылыш ресурстарынын өзгөрүшүн үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай маалыматтарды башка булактардан алуу көп каражатты талап кылат. Эми спутник бул жагынан бизге чоң мүмкүнчүлүк берет. Өлкөдө коопсуздук үчүн көзөмөлдөөнү талап кылган бийик тоолуу көлдөр да бар. Алардын абалын, көлөмүнүн жана кыймылынын өзгөрүшүн байкап туруу маанилүү. Эгер кургакчылыкка даяр болобуз десек, азыртан суу сактагычтарды жана атайын көлмөлөрдү куруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, алардын кемчиликтерин жоюу боюнча иштерди башташыбыз керек. Спутниктин болжол менен 11–12 жыл иштөөсү күтүлүүдө. Ал эми климаттык тобокелдиктер бизди азыртан эле даярдык көрүүгө чакырып жатат.

Искендербек Айдаралиев, “Bio-KG” органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси:

— Адис катары айта турган болсок, спутниктин Кыргызстан үчүн орду чоң. Өзгөчө айыл чарбасында, дыйкандар үчүн пайдасы көп болот. Анткени, бүгүнкү күндө жер иштеткен фермерлер так жана өз убагындагы маалыматка абдан муктаж. Эгер дыйкандар аба ырайы, кургакчылык жана жердин абалы боюнча алдын ала маалымат ала алышса, ошого жараша үрөн тандап, себүү иштерин туура пландаштырмак. Кээде кургакчылыктан улам дыйкандардын мээнети акталбай, түшүм ойдогудай болбой калган учурлар кездешет. Климаттын өзгөрүшү азыр Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө эң негизги маселелердин бирине айланды. Ошондуктан, спутниктен алынган маалыматтар фермерлер, дыйкандар жана мамлекеттик органдар үчүн өтө маанилүү.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ. Эгер мамлекет өз элин азык-түлүк менен камсыздай албай, башка өлкөлөргө көз каранды болуп калса, анын кесепети оор болот. Өзгөчө кубандырганы, спутникти иштеп чыгып, чогултууга кыргызстандык жаш адистердин салым кошкону. Бул биздин жаштардын илимге, билимге жана жаңы технологияларга умтулуп жатканын көрсөтөт.

Эдита Тайгараева, Жогорку Кеңештин депутаты:

— Бул Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башталышы. Спутниктин космоско чыгарылышын чоң суктануу жана сыймыктануу менен кабыл алдым. Анткени, анын мүмкүнчүлүктөрү өлкөбүздүн күнүмдүк жашоосуна түздөн-түз таасир этет. Кыргызстандын экономикасы айыл чарбасына, тоолорго жана суу ресурстарына тыгыз байланыштуу.

Акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ар кандай жаратылыш кырсыктары көбөйүп жатат. Спутник сел, жер көчкү, суу ташкыны сыяктуу кырсыктарды алдын ала байкоого жана алардын кесепеттерин баалоого жардам берет. Мындан тышкары, дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөөдө да спутниктен алынган маалыматтардын пайдасы чоң болушу мүмкүн. Мекенибиздин мындай жетишкендиктери менен сыймыктанабыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер болсун.

Рысгүл Акимжанова, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары:

— Өлкөбүздүн биринчи улуттук спутниги космоско учурулду.  Анын Кыргызстан үчүн пайдасы өтө чоң. Спутник биздин жерди космостон көзөмөлдөөгө жардам берет. Айрыкча, айыл чарбасында спутник аркылуу кайсы жерде эмне эгилгенин, эгиндин абалын, жайыттардын абалын көрүүгө болот. Кургакчылык болуп жатабы, түшүм кандай болушу мүмкүн, аны качан жыйнап алса ыңгайлуу, айтоор ушундай мониторинг жүргүзүп, ар түрдүү нерселерди алдын ала аныктоого жардам берет. Суу маселесинде дагы мааниси чоң. Тоолордогу мөңгүлөрдүн абалын, алардын канчалык тез эрип жатканын байкап, суу ресурстары боюнча так маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле сел, жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктар болгондо, спутниктен алынган маалымат кырсыктын көлөмүн тез аныктоого жардам берет. Эң маанилүүсү, бул спутникти кыргызстандык инженерлер өзүбүздүн өлкөдө иштеп чыгып, чогултушкан. Жөнөкөй айтканда, мурда жерибиз тууралуу маалыматты башка булактардан алып келсек, эми өзүбүздүн спутник аркылуу космостон өзүбүз маалымат алабыз. Мисалы, мен өзүм статистикаларыбыз ар түрдүү болгондорду көрүп жатам, эми бирдиктүү статистика болот.  Бул спутник айыл чарбасын, сууну, мөңгүлөрдү жана жерибизди заманбап технология менен башкарууга карай жасалган кадам.  Аны жакында чыга турган IDyikan тиркемесинде да көрөсүздөр.

Балбак Түлөбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты:

— Мындай тарыхый күндөргө акыркы убакта анчейин таң калбай калдык. Президент Садыр Жапаровдун тушунда көптөгөн ири иштер аткарылып жатат. Аэропорттордун курулушу, темир жолдордун салынышы, Кумтөр жана тоо-кен тармагындагы өзгөрүүлөр, мунун баары өлкөбүз үчүн маанилүү кадамдар.

Ал эми улуттук спутниктин биринчи жолу космоско учурулушу, баарыбыз үчүн тарыхый чоң окуя. Бул алдыдагы дагы чоң ийгиликтердин башталышы болот деп ойлойм. Буга чейин башка өлкөлөрдүн спутниктеринин маалыматтарын колдонуп келген болсок, эми өзүбүздүн спутнигибиз бар. Бул технологиянын пайдасын биз эле эмес, кийинки муундар да көрөт. Азыр интернет жана санариптик технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан учурда, спутниктин бул багыттарга да салымы чоң болот деп ишенем. Чынын айтсам, бул окуя мени абдан толкундатты. Эми ушул жетишкендиктин үзүрүн көрүп, ийгиликтерибиз арта берсин деп тилейм.

Күнболот Момоконов

 

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X