Кыргызстан күйүүчү май жеткирүү боюнча бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 188

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоону туруктуу камсыз кылуу боюнча бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиа долбоорунун алкагында билдирди.

Министрдин маалыматына караганда, күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү маселеси боюнча Беларусь менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле бул багытта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары тарабынан тиешелүү жолугушуулар өткөрүлгөн.

«Министрликтин деңгээлинде да сүйлөшүүлөрдү улантып, кат алышуу аркылуу маселелерди чечүүгө аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары, коңшу мамлекеттер менен байланыштар жүргүзүлүүдө. Учурда Өзбекстандан жооптор келип түшүүдө. Ошондой эле Иран жана Түркмөнстандын элчилери менен мунай продукцияларын жеткирүү боюнча сүйлөштүк», — деди Рысбеков.

Анын айтымында, күйүүчү май маселесин чечүү үчүн атайын жумушчу комиссия түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Министр бул багыттагы аракеттер улантыларын белгиледи.

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 188
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X