Кыргызстан кылмыштуулукту изилдөөдө эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүдө

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 87

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Ү. Конкубаеванын жетекчилигиндеги Башкы прокуратуранын делегациясы Корея Республикасынын борбору Сеул шаарында өткөн эл аралык семинарга катышты.

Иш-чара калктын кылмыштуулуктан жабыркашын (виктимизацияны) изилдөө боюнча Кыргызстан, Монголия, Филиппин, Таиланд жана Корея Республикасынын улуттук эксперттеринин катышуусунда өттү.

Семинарды БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Азия-Тынч океан аймагындагы кылмыштуулук статистикасы жана кылмыш сот адилеттиги жаатындагы алдыңкы тажрыйба борбору Корея Республикасынын Маалыматтар жана статистика министрлиги менен биргеликте уюштурду.

Катышуучулар кылмыштуулуктун деңгээлин жана калктын виктимизациясын изилдөөнүн заманбап ыкмаларын талкуулашты. Ошондой эле калк арасында сурамжылоолорду өткөрүү, алынган маалыматтарды статистикалык иштетүү, кылмыш статистикасын жүргүзүү жана кылмыш-жаза сот адилеттиги тармагында эл аралык тажрыйбаны колдонуу маселелерине көңүл бурулду.Возможно, это изображение кларнет, саксофон, флейта, гобой, труба и текст

Кыргызстандык делегация үчүн семинар эл аралык тажрыйбаны үйрөнүп, аны улуттук практикага киргизүү боюнча маанилүү аянтча болду.

Иш-чарага катышуу өлкөдө кылмыш-жаза сот адилеттиги жаатындагы статистикалык эсепке алуу системасын, аналитикалык иштерди жана тиешелүү процесстерди санариптештирүүнү мындан ары өркүндөтүүгө багытталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X