Кыргызстан Кытайга жүгөрү экспорттоду

19-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 110

Кыргызстан Кытайга алгачкы жолу 25 тонна жүгөрү экспорттоду. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-мартта жүгөрүнүн биринчи партиясы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан экспортко жөнөтүлгөн. Экспорттоочу катары “Зиябидин Ата” дыйкан чарбасы чыккан.

19-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X