Кыргызстан менен АКШ кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 277

15-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы улуттук майрамы  жана Америка Кошмо Штаттарынын негизделгенинин 250 жылдыгы менен куттуктап, өлкөгө өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Буга чейин жогорку жана эң жогорку деңгээлде өткөн тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыктарын талкуулап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына токтолушту.

Мындан тышкары соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, инвестиция тартуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.

Жолугушуунун соңунда  Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу жыйынтыктарга жетишүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X