Кыргызстан менен Австрия саясий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 170

Кечээ Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен жолугушуу өткөрдү. Бул сүйлөшүү үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде австриялык тараптын демилгеси менен болгон телефондук баарлашуунун уландысы болуп калды.

Жолугушууда тараптар кыргыз-австриялык эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Министрлер саясий диалогду кеңейтүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо багытында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Европа Бирлигинин санкциялык саясаты тууралуу сөз болуп, Жээнбек Кулубаев бир тараптуу чектөө чараларынын Кыргызстанга жана жалпы Борбордук Азия аймагына тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирине тынчсыздануусун билдирди. Ал эл аралык экономикалык мамилелерди саясатташтырууга каршы экенин белгилеп, кыргыз тарап өз ара пайдалуу чечимдерди табуу үчүн ачык жана конструктивдүү диалогго даяр экенин айтты.

Нет описания фото.

Ошондой эле тараптар эл аралык аренада тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушуп, 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган экинчи  Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары, министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X