Кыргызстан менен Азербайжан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташат
Кечээ, 10-сентябрда, Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин 3-жолугушуусунун алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Документке Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Азербайжандын ички иштер министри Вилаят Эйвазов кол койду. Макулдашуу укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө, маалымат жана тажрыйба алмашууга, кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.