Кыргызстан менен Азербайжан парламенттер аралык кызматташтыкты күчөтөт

22-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Сагиба Гафарова менен жолугушту. Жолугушууга депутат Акылбек Түмөнбаев жетектеген «Элдик» депутаттык тобунун өкүлдөрү да катышты.

Кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев Кыргызстан Азербайжан менен бардык багыттар боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

«Тарыхый байланыштарга, маданий жакындыкка жана орток руханий баалуулуктарга негизделген кыргыз-азербайжан мамилелерин мындан ары чыңдоо биз үчүн өзгөчө мааниге ээ»,-деди ал.

Ошондой эле Төрага акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы саясий диалог жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, бул багыттагы жогорку деңгээлдеги байланыштар маанилүү роль ойноп жатканын кошумчалады.

Марлен Маматалиев соода-экономикалык кызматташтык тууралуу да токтолуп, энергетика, гидроэнергетика, “жашыл экономика”, медицина жана айыл чарба тармактарына инвестиция тартууга Кыргызстан кызыкдар экенин айтты.

Мындан тышкары, ал депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин ишин жандандыруу аркылуу парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Төрага ошондой эле ТүркПА алкагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына азербайжандык спортчуларды катышууга чакырды.

Өз кезегинде Сагиба Гафарова кыргыз-азербайжан кызматташтыгы жогорку ишеним деңгээлинде өнүгүп жатканын белгилеп, эки элди тарыхый, маданий жана тилдик жакындык байланыштырып турарын айтты.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун ортосундагы алакаларды кеңейтүү жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында Сагиба Гафарова Марлен Маматалиевди Азербайжанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин Төрагасы өз ара сапарларды уюштуруу эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X