Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтыгы талкууланды
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл соода-экономикалык, инвестициялык, агрардык жана гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерине бурулду.

Эрлист Акунбеков эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги ишенимдүү саясий диалогдун негизинде ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле тараптар мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшүн карап чыгып, кыргыз-азербайжан өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.