Кыргызстан менен Беларусь кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну күчөтөт
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Беларусь Республикасынын Ички иштер министрлигинин эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков менен Беларусь Республикасынын Ички иштер министри Иван Кубраков укук коргоо жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулашты.
Тараптар уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу, киберкылмыштуулукка каршы аракеттерди күчөтүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле тажрыйба алмашууну кеңейтүү, алдыңкы ыкмаларды киргизүү жана кадрларды даярдоо багытындагы биргелешкен программаларды өнүктүрүү маселелери каралды.
Министр Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүк мамилелер укук тартибин камсыздоодо жана жарандардын коопсуздугун коргоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Өз кезегинде Беларусь тараптын өкүлү Иван Кубраков эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгы мындан ары да ырааттуу өнүгөөрүнө ишеним билдирип, коомдук коопсуздукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө даяр экенин ырасташты.