Кыргызстан менен Британия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартибин талкуулады
Бүгүн, Бишкекте Кыргызстан менен Улуу Британиянын тышкы саясий ведомстволорунун өкүлдөрү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча консультация өткөрүштү.
Жолугушууда тараптар эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелерди талкуулап, Коопсуздук Кеңешинин ишинин артыкчылыктуу багыттары жана анын ишмердигинин айрым аспектилери боюнча пикир алмашты.
Күн тартибиндеги негизги темалардын бири — Кыргызстандын 2027–2028-жылдарда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы мүчөлүгүнө даярдык болду. Ошондой эле Кеңештин мүчө мамлекеттери менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар консультациялардын жыйынтыгында БУУнун алкагында конструктивдүү жана мазмундуу диалогду улантууга даяр экенин ырасташты.
Жолугушуу Кыргызстан менен Улуу Британиянын эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүнү жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган диалогунун уландысы болду.