Кыргызстан менен ФАО азык-түлүк коопсуздугун жана агросекторду өнүктүрүүнү талкуулады

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 111

Илич Марсбек уулу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дуньюй менен жолугуп, агрардык сектордогу кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушуу Душанбе шаарында өтүп жаткан ФАОнун Европа боюнча регионалдык конференциясынын 35-сессиясынын алкагында уюштурулду.{{ item.title }}

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө агрардык тармакка инновациялык жана санариптик технологияларды киргизүү, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар дүйнөлүк рынокто минералдык жер семирткичтердин тартыштыгы жана бааларынын өсүшү айыл чарба секторуна олуттуу кысым жаратып жатканын белгилешти.

Мындан тышкары, өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.{{ item.title }}

Жолугушууда Илич Марсбек уулу ФАОнун Кыргызстандагы улуттук жана аймактык долбоорлорунун маанисине токтолуп, уюмдун агрардык секторду өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалады.

Өз кезегинде Цюй Дуньюй Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, айыл чарба тармагындагы биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экенин айтты.{{ item.title }}

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тереңдетүү жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X