Кыргызстан менен Франция эмгек миграциясы боюнча кызматташууну күчөтөт
2026-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков менен Франция Республикасынын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанининин жолугушуусу өттү.
Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы багытындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана эмгек миграциясы боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип, жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин белгилешти.