Кыргызстан менен Франция парламенттер аралык кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулады

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 98

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Францияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Франция Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Франциянын парламенттер аралык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун жолдору талкууланды.

Тараптар парламенттер ортосундагы түз байланыштарды бекемдөөгө, депутаттык достук топторунун ишин жандандырууга жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.Возможно, это изображение один или несколько человек, Овальный кабинет и текст

Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, билим берүү, туризм жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты күчөтүү боюнча пикир алышты.

Жолугушууга Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Франциянын Улуттук Ассамблеясынын ортосундагы депутаттык достук тобунун мүчөлөрү — Сеидбек Атамбаев, Гүлай Машрапова, Дастан Бекешев, Жылдыз Садырбаева, Жылдыз Эгенбердиева, Алишер Козуев жана Максат Алымбеков катышты.

Франция тараптан Сенатор, Франция–Борбор Азия парламенттер аралык достук тобунун Кыргызстан боюнча делегациясынын төрайымы Надя Соллогуб да жолугушууга катышты.

Иш сапардын алкагында кыргызстандык депутаттар Франция Сенатынын ишмердүүлүгү, түзүмү жана мыйзам чыгаруу процессиндеги ролу менен таанышты.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Тараптардын билдирүүсүндө парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштарын мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө болору белгиленди.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X