Кыргызстан менен Германия эмгек миграциясы жана ишке орноштурууну өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты күчөтөт

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137

 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов Германия Федеративдүү Республикасынын Мекленбург – Алдыңкы Померания федералдык жеринин Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин статс-катчысы Йохен Шульте менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар иш менен камсыз кылуу жана уюшкан эмгекке орноштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, жарандарды чет өлкөдө мыйзамдуу негизде ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Возможно, это изображение стол

Мындан тышкары, эки өлкө ортосунда эмгек рыногундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана адистерди даярдоо багытында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар бул багыттагы диалогду улантууга жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X