Кыргызстан менен Греция кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады
Кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грециянын тышкы иштер министри Георгиос Герапетритис менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулады.
Жолугушууда саясий диалогду активдештирүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча пикир алышты. Анын алкагында аба каттамдарын өнүктүрүү, инвестицияларды коргоо, дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтык боюнча макулдашуулардын долбоорлорун илгерилетүү каралды.
Мындан тышкары, санкциялык маселелер боюнча кызматташуу жана биргелешкен иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багыттардагы документтерди кароону тездетүүгө жана кыргыз-грекиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.