Кыргызстан менен Индия коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт

14-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 270

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков менен Индия Республикасынын Премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Паван Капурдун жолугушуусу өттү.

Тараптар кыргыз-индия мамлекеттер аралык кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эл аралык коопсуздукка байланышкан актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Адилет Орозбеков Кыргызстан менен Индия экстремизмге, терроризмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөштү маанилүү багыт катары карай турганын белгиледи. Анын айтымында, бул коркунучтар дүйнөлүк коопсуздук үчүн олуттуу чакырык бойдон калууда.
Ошондой эле тараптар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук тартибин сактоо жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын алкагында уюштурулду. Иш-чаранын негизги жыйыны 14-майда өттү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X