Кыргызстан менен Индонезия инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Индонезия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Анис Матта менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз тарап өлкөнүн инвестициялык потенциалын тааныштырып, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвесторлорду мамлекеттик колдоо механизмдери жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.
Тараптар түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, исламдык каржылоо, халал индустриясы, санариптик экономика жана маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Мындан тышкары, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана инвестициялык саясатты ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Индонезиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырастап, экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.