Кыргызстан менен Иран коопсуздук жаатындагы кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 13-май күнү Иран Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин тышкы саясат маселелери боюнча катчысынын орун басары Али Багери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын алдында өтүп, анда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча пикир алмашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин карап чыгышты. Мындан тышкары, бир катар багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине көңүл бурулду.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуучу тарап катары ролу белгиленип, уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоонун мааниси баса көрсөтүлдү.