Кыргызстандын энергетика тармагына жаңы ири долбоорлорду тартуу жана энергетикалык инфраструктураны жаңылоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушууда билдирди.
Тараптар ИБР тобунун Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымын белгилешти. Алардын арасында CASA-1000 эл аралык долбоору, «Тамга–Каракол» 220 кВ аба электр берүү линиясын куруу жана башка долбоорлор бар.
Жолугушууда мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары да аныкталды. Анын ичинде гидроэлектр станцияларын, көмөкчордондорду жана электр берүү линияларын куруу, иштеп жаткан объектилерди модернизациялоо, ошондой эле санариптик технологияларды киргизүү маселелери каралды.
«Энергетика тармагынын алдында жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу, электр тармактарын өнүктүрүү жана иштеп жаткан объектилерди модернизациялоо боюнча маанилүү милдеттер турат. Биз ИБР тобу менен кызматташтыкты улантууга кызыкдарбыз», — деди Алтынбек Рысбеков.
Өз кезегинде Хаммад Хундал Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы энергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантуу боюнча макулдашылды.