Кыргызстан менен Италия агротехнологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташат

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 447

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Италиянын Айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрүнүн улуттук федерациясынын (FederUnacoma) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Министрликтен билдиришкендей, меморандум айыл чарбасын механикалаштыруу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана агроөнөр жай комплексин модернизациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар агрардык секторду техникалык жактан жаңылоо, тармакты санариптештирүү, ошондой эле айыл чарба техникасын биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Италия агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 447
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X