"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Италиянын футбол жаатындагы кызматташуусу талкууланды

Италиянын «Кальяри Кальчо» клубу менен Кыргызстандын футболдук союзунун жана футболдук клубдарынын ортосунда кызматташтыкты түзүү маселеси талкууланды.

ТИМдин басма сөз кызматынын млымтына ылайык, 2023-жылдын 9-августунда Кыргызстандын Италиядагы элчиси Т.Ч. Базарбаев Италиянын «Кальяри Кальчо» футбол клубунун коммерциялык директору жана жаштар футболун өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Стефано Мелис жана Марко Марчи менен жолугушту.

Жолугушууда «Кальяри Кальчо» клубу менен Кыргызстандын футболдук союзунун жана футболдук клубдарынын ортосунда кызматташууну түзүү маселеси талкууланды. Ошону менен бирге, «Кальяри Кальчо» клубуна сунуштарды ишке ашырууга багытталган эки тараптуу келишимге кол коюу, ошондой эле биргелешкен спорттук иш-чараларды, анын ичинде эки тараптуу достук беттештерди уюштуруу сунушталды.

Италиянын футболдук клубунун жетекчилиги бул багытта кыргыз тарап менен кызматташууга даяр экендигин жана колдоосун билдирди.

Сунуштарды жана макулдашууларды талкуулоо үчүн элчи Т.Ч.Базарбаев ушул жылдын сентябрь айында “Кальяри-Кальчо” клубунун Президенти Э.Джулини менен жолугушуу үчүн клубдун штаб-квартирасына чакырылды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!