Кыргызстан менен Катар түз авиакаттамдарды ачууну талкуулады

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62

Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маселе Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин Катарга болгон иш сапарынын алкагында талкууланды. Ал Катардын Соода жана өнөр жай министрлигинин тышкы соода маселелери боюнча мамлекеттик министри Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид менен жолугушту.

Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү, товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин карашты.

Түз авиакаттамдар соода байланыштарын кеңейтүүгө, ишкерлердин кызматташтыгын бекемдөөгө жана туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Катардын экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи жыйынын өткөрүү маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелерди илгерилетүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча ишти улантууга макулдашты.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X