Кыргызстан менен Казакстандын Өкмөт башчылары жолугушту

2-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 27

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйыны алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу өз ара аракеттешүү жана кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыгызстандын президентинин Казакстанга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.
Жолугушуу Казакстандын Кордай айылында өттү.

2-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X