Кыргызстан менен Корея чыгармачыл жаштарды өнүктүрүү багытында кызматташат

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 121

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Корея Республикасынын World K-POP Center эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга уюмдун директорунун орун басары Ю Донг Мин жана башкы менеджери Ким Джин Су катышты.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азиядагы «Click the Star» эл аралык K-pop долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулап, таланттуу жаштарды колдоо жана алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын келечегине токтолушту.

Ошондой эле Кыргызстандагы таланттуу жаштар үчүн вокал, хореография жана сахна искусствосу багыттарында эл аралык деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чыгармачыл байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө, жаштарды колдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана маданий кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X