Кыргызстан менен Корея илим билим жана кадр даярдоо жаатындагы байланышты өнүктүрөт

26-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 155

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жетектеген делегация Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ыйджонбу шаарындагы Шинхан университетине барды.Возможно, это изображение текст "2026년 5월 22일(금) 10:00 2026-ЖblлAblH 2026- жblлAblH 22 22-maйbl (жyma), caaT 10:00"

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Шинхан университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Макулдашуу кадрларды даярдоо, квалификацияны жогорулатуу, стажировкаларды уюштуруу жана илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү багытындагы кызматташууну камтыйт.

Возможно, это изображение текст

Иш-чаранын алкагында министр Бакыт Сыдыковго саясий илимдер боюнча ардактуу доктор даражасы (Ph.D. in Political Science) ыйгарылып, университеттин ардак грамотасы тапшырылды.

Расмий бөлүктөн кийин министр «Экономикалык прогноздоого киришүү: инструменттер, колдонуу ыкмалары жана чектөөлөр» аттуу лекция окуп, экономикалык божомолдоонун заманбап ыкмалары, мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөрү тууралуу кеңири маалымат берди.

Лекцияга 500дөн ашуун студент жана чет өлкөлүк угуучулар катышып, талкуу суроо-жооп форматында уланды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X