Кыргызстан менен Корея өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары боюнча кызматташат
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Борбордук Азия – Корея Республикасы» (C5+1) форматындагы өнөр жай министрлеринин биринчи жыйынына катышты.
Жыйында өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде өнөр жай кооперациясы, өндүрүштү локалдаштыруу, минералдык чийки затты терең кайра иштетүү, индустриалдык парктарды жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды жакшыртуу жана жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүү маселелери каралды.
Бакыт Сыдыков Кыргызстандын өнөр жай, инвестициялык жана инфраструктуралык потенциалы, ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында белгиленген артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жыйынтыгында Корея Республикасы менен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн ортосунда өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.