Кыргызстан менен Корея парламенттер аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйт
Бишкек, 12-июль. Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея–Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө жана эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты.
Марлен Маматалиев келерки жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөнүнө 35 жыл толорун белгилеп, бул аралыкта эки өлкө достукка жана өз ара ишенимге негизделген алака түзгөнүн айтты.
Анын айтымында, акыркы жылдары кыргыз-корей кызматташтыгы бардык багыттар боюнча активдүү өнүгүп, Корея Республикасы Кыргызстандын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бирине айланды.
Жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы «Борбор Азия – Корея» форматындагы саммиттердин маанисине токтолуп, бул аянтча аймактык кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы багыттарды ачууга өбөлгө түзүп жатканын билдирди.
Марлен Маматалиев парламенттердин эки өлкө ортосундагы келишимдерди ишке ашыруудагы ролу чоң экенин белгилеп, депутаттык достук топторунун ишмердиги кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошуп жатканын айтты.
Ал экономикалык байланыштарды кеңейтүү максатында Кыргыз-Корей өнүктүрүү фондун түзүү жана билим берүү тармагында атайын квоталарды караштыруу боюнча сунуштарын билдирди.
Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери Пак Док Хым Кыргызстанга болгон сапары жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө бардык багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
«Бизде мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Аларды толук пайдалануу менен кыргыз-корей алакасын жаңы деңгээлге чыгара алабыз», – деди Пак Док Хым.
Делегация мүчөлөрү билим берүү, инновациялык технологиялар жана энергетика тармактарында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.
Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев кореялык делегацияга Жогорку Кеңештин ишмердиги жана парламентти санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.