Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында жаңы макулдашууга кол койду

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70

Кыргызстан менен Кытай электр энергетикасы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууга кол коюшту.

Документке 23-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Кытайдын Мамлекеттик энергетика башкармалыгынын өкүлү кол койду.

Макулдашуу электр энергетикасы тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кыргыз-кытай кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган.

Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө энергетика тармагындагы кызматташтыкты, анын ичинде жашыл энергетиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Макулдашууга кол коюу Кыргызстан менен Кытайдын энергетика тармагындагы сүйлөшүүлөрүнүн практикалык жыйынтыктарынын бири болду.

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X